Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Кембридж университетинде Борбор Азия боюнча тегерек столго жана Нооруз майрамына арналган маданий программага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Кембридж университетинин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчиликтеринин колдоосу менен уюштурулду.
Тегерек столго Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери, Азербайжан элчиси, ошондой эле Улуу Британиянын Лорддор палатасынын мүчөсү Жон Вейверли, Кембридж университетинин академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Улуу Британиянын башка алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессорлору жана Борбор Азия боюнча белгилүү британиялык эксперттер катышты.
Ошондой эле иш-чарага Борбор Азия регионундагы процесстерди иликтөөгө кызыккан Улуу Британиянын бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтыктын келечеги, туруктуу өнүгүү, коопсуздук жана аймактык туруктуулук маселелери талкууланды. Катышуучулар региондо узак мөөнөттүү тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты чыңдоонун жолдору боюнча пикир алмашышты.
Өз сөзүндө элчи Улан Жусупов жакында болгон тарыхый окуя — Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдин кол коюлушу тууралуу кеңири маалымат берди. Бул келишим 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган. Элчи келишим аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жолунда маанилүү кадам болуп калганын белгилеп, эки өлкөнүн лидерлеринин татаал маселелерди чечүүдө диалог жана өз ара түшүнүшүү жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө саясий эркин көрсөткөнүн баса белгиледи.
Иш-чаранын катышуучулары кол коюлган келишимдин маанисин жогору баалап, анын аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодогу маанилүү ролун белгилешти. Ошондой эле бул келишим эки өлкөнүн жетекчилигинин талыкпаган аракеттеринин жыйынтыгы экендиги жана алар тараптар ортосундагы татаал маселелерди тынчтык жолу менен, дипломатия жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө бекем умтулуп жатканын тастыктагандыгы баса белгиленди. Бул өз кезегинде аймактагы мындан аркы экономикалык өсүшкө жана өлкөлөрдүн интеграциясын илгерилетүүгө жагымдуу шарттарды түзөөрү айтылды.
Өз сөзүндө Элчи ошондой эле Кыргызстандын экономикалык жана социалдык тармактардагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, өлкөнүн илим, билим берүү жана инвестициялар жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуусун белгиледи.
Программанын экинчи бөлүгүндө Борбор Азия элдеринин маанилүү маданий мурасы болгон Нооруз майрамына арналган салтанаттуу концерт болуп өттү. Кыргызстандын элчиси куттуктоо сөзүндө бардык катышуучуларды келе жаткан майрам менен куттуктап, Нооруз тынчтыкты, достукту жана жаңыланууну символдоштурарын белгиледи.
Маданий программада Борбор Азия элдеринин бай маданий мурасын чагылдырган музыкалык жана бий номерлери тартууланды. Иш-чаранын катышуучулары концерттик программанын жогорку деңгээлин белгилеп, Борбор Азия маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жогору баа беришти.