Эл өкүлдөрү таштандыны кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Жогорку Кеңеш 1495 16 Январь 2026 17:40
618103773_1197927145853839_3581635052530308996_n.jpg
599690822_1197927125853841_4672803835610539380_n.jpg
615142311_1197927042520516_2459175330954212961_n.jpg
615213357_1197927205853833_4378155229463404643_n.jpg
615407760_1197927255853828_8365218304121608022_n.jpg
615564941_1197927592520461_745021960330229409_n.jpg
615821839_1197927445853809_241630967989751710_n.jpg
615871748_1197927259187161_6010075140814544282_n.jpg
616170468_1197927039187183_1144074540876544479_n.jpg
616530155_1197927035853850_5255316850219280438_n.jpg
616796929_1197927345853819_738247016352275634_n.jpg
616797079_1197927129187174_7023978962830504587_n.jpg
616803736_1197927499187137_7545983007562446535_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдо көчмө жыйын өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев баштаган тиешелүү муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү да катышты.

Алгач эл өкүлдөрү заводдун ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышып, таштандыларды кабыл алуу, өрттөө жана электр кубатын алуу процесстерин жеринен көрүп чыгышты. Ишкананын жооптуу кызматкерлери автоматташтырылган системалар, техникалык операцияларды башкаруу жана экологиялык коопсуздук талаптарынын сакталышы тууралуу да маалымат беришти.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев белгилегендей, учурда күнүнө 1000 тоннага жакын таштанды иштетилип, саатына 30 кВт электр энергиясы өндүрүүлүүдө. Келечекте ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун дагы да арттыруу маселеси каралган.

Иш-чаранын жүрүшүндө заводдун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер да талкууланды.

Көчмө жыйында мындан тышкары Бишкек шаарындагы түтүн-ыш маселеси, аны чечүү жолдору, абанын сапатын жакшыртуу жана калаадагы жол тыгындарын азайтуу маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу да маалымат угулуп, сунуш-пикирлер айтылды.