Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Кылычбаев менен Медербек Алиев Санкт-Петербург шаарындагы КМШ ПАнын Штаб-квартирасында КМШ ПАнын Туруктуу комиссияларынын кезектеги отурумдарына катышты.
Парламенттен билдиришкендей, депутат Алтынбек Кылычбаев Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын отурумуна катышты. Анда «Суу объектилериндеги маданий мурастарга карата мамлекеттик коргоону камсыз кылуу жөнүндө», «Балдарды ден соолукка жана өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоо жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорлору жана «Меценаттык жана кайрымдуулук ишмердүүлүк жөнүндө» моделдик мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору баш болгон күн тартибиндеги 14 маселе каралды.
Ал эми депутат Медербек Алиев КМШ ПАнын Укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты. Комиссия мүчөлөрү «Мүлктү пайдаланууга берүү келишимдери жөнүндө», «Жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү келишимдери жөнүндө», «Сактоо келишими жөнүндө», «Ортомчулук келишимдери жөнүндө», «Жөнөкөй шериктештик келишими жөнүндө» жана «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүүнү укуктук жөнгө салуу жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорлорунун тегерегинде талкуу кылышты.
Мындан тышкары Мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбасын изилдөө боюнча туруктуу комиссиянын отурумуна Парламенттер аралык ассамблеянын Кеңешинин башкы катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин КМШ ПАдагы жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышты. Анда 2024-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын даярдоодо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр сөздүгүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар каралды.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин кайрылуусу менен комиссиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев да катышып, союздун ишмердүүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү Жогорку Кеңештин өз ара аракеттенүүсү тууралуу баяндама жасады.