Эл өкүлдөрү аймактарда үй, мектеп жана жол куруу маселелерин көтөрүштү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 17 Сентябрь 2025 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөдөгү социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөлөргө токтолушту.

Эл өкүлү Бактыяр Калпаев аймактарда, айрыкча Кадамжай жана Айдаркен шаарларында турак жай курулушуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал Кызыл-Бел айылына заманбап спорт комплекси керек экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, атайын бала бакчалар менен мектептерге кабыл алуу тартибин жакшыртуу багытында Саламаттык сактоо министрлиги менен Агартуу министрлиги бирдиктүү жана макулдашылган саясат жүргүзүшү керек.

Депутат Аккулу Бердиев өлкөдөгү жол тармагын өнүктүрүү маселеси тууралуу сөз кылып, айрыкча райондук жана облустук борборлордо тыгындарды азайтуу максатында айланма жолдорду куруу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Эл өкүлү Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун айылдары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин ортого салып, айрыкча Бишкектен Кашка-Суу жана Чокморов айылдарына каттаган автобустардын санын көбөйтүүнү сунуштады.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы, анын ичинде Кант шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерге көңүл буруп, алар ушул кезге чейин шаардык баланска алынбаганын белгиледи.

Өз кезегинде Айсаракан Абдибаева Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы Алтынай атындагы №37 мектептин имараты авариялык абалга келгенин айтып, жаңы заманбап мектеп куруу керектигин кошумчалады.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы Ч.Асеков атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштерин толук бүткөрүү үчүн 9 млн сом каражатты ыкчам бөлүп берүүнү өтүндү. Анын айтымында, учурда имараттын экинчи жана үчүнчү кабаттарынын оңдоо иштери аяктаган.