Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Чүй районундагы Шамшы жана Кегети дарыяларынын боюна таштандыларды сууга ыргыткандарды көзөмөлдөө үчүн видеокамераларды орнотууну сунуштады.
Комитет Кыргызстан менен Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фонду ортосундагы «Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдык калктуу конуштарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларын өнүктүрүү» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана алдын ала иштеп чыгуу иштерин каржылоо боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун карап жатат.
Баяндамачы — Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Депутат белгилегендей, ал жеке өзү бул аймактарды кыдырып чыгып, дарыяларда таштандылар өтө көп топтолгонун көргөн.
Кадам сайын таштанды болот. Бул көйгөйдү тез арада чечүү керек. Анткени Шамшы, Кегети дарыяларында таштандылар көп, айылдагылар ушул сууну ичишет. Сууда желим, бөтөлкө жана ар кандай таштандылар аралашып кеткен. Сууга таштанды түшпөшү үчүн атайын торлорду орнотуу же башка бир система ойлоп табуу керек. Балким, Шамшы жана Кегети дарыяларынын боюна таштанды ыргыткандарды аныктоо үчүн видеокамераларды орнотуу керек. Бул көйгөй өлкө боюнча кеңири тараган», — деди депутат.