Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тыюу салынган жерге токтотулган унааларды эвакуация кылууну токтотууга чакырды.
Депутат бул көйгөй боюнча көптөгөн жарандардан кайрылуулар келип түшкөнүн билдирди.
Эл өкүлү жол коопсуздугу кызматкерлери унаалар тоскоол жаратып жаткан жерден эмес, өздөрүнө ыңгайлуу жерлерге барып жүктөп кетип жатканын жана ага чоң айып пул төлөнөрүн айтты.
“Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетишет экен дагы, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумча айдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп бараткан учурда унаалар бузулуп жатканын да айдоочулар айтып нааразы болууда. Андыктан эвакуацияны жокко чыгаруу керек”, -деди Дастан Бекешев.
Эл өкүлү айдоочу унаа токтотууда эржени бузган учурда башкача чара көрүлүүсүн сунуштады. “Андан көрө инспекторлор унааларга айып пул кагазын чаптап коюшсун. Айып пулдун көлөмүн 300 сом эмес, эки эсе 600 сомго көтөрөлү. Буга айдоочулар да макул болуп жатышат”, - деп билдирди депутат.