Эл үчүн иштейм дечү. Садыр Жапаров биринчи мугалими менен жолугушту

Президент 2014 07 Февраль 2026 12:47
IMG_1008.jpeg
IMG_1012.jpeg
IMG_1009.jpeg
IMG_1011.jpeg
IMG_1013.jpeg
IMG_1014.jpeg
IMG_1015.jpeg
IMG_1017.jpeg
IMG_1018.jpeg
IMG_1019.jpeg
IMG_1020.jpeg
IMG_1010.jpeg
IMG_1021.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1008.jpeg
IMG_1012.jpeg
IMG_1009.jpeg
IMG_1011.jpeg
IMG_1013.jpeg
IMG_1014.jpeg
IMG_1015.jpeg
IMG_1017.jpeg
IMG_1018.jpeg
IMG_1019.jpeg
IMG_1020.jpeg
IMG_1010.jpeg
IMG_1021.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өзүнүн биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту.

Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун башталгыч класстагы мугалими ага кайрылып, жеке жолугушууну суранган видеоролик тараган.

Жылуу жана бейформал шартта чай үстүндө баарлашууда президент Кеңешкан Шаменова ага алгачкы жолу “А”тамгасын жазууну үйрөткөнүн ушул күнгө чейин унутпай турганын белгиледи. Ал ошол кезде балдар бала бакчада даярдыктан өтпөй, мектепке түз эле жети жашында барышканын айтып берди.

Садыр Жапаров башталгыч класстарда окуган кезиндеги мугалиминин сабырдуулугу жана эмгеги үчүн ага терең ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кеңешкан Шаменова окуучусунун ишмердүүлүгүн сыналгыдан тыкыр көзөмөлдөп турарын жана анын президент катары жетишкен ийгиликтерине чын жүрөктөн кубанарын айтты.

Ал Садыр Жапаров бала кезинде эле дептерине “Эл үчүн иштейм” деп жазганын эске салды.

Мугалим өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу да ой бөлүшүп, аймактык аэропорттордун ишке берилишин, айыл-кыштактардын көрктөндүрүлүшүн жана чек ара маселелеринин чечилишин өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдө эң башкысы туруктуулук болсо, анда бардык чөйрөлөрдө өнүгүү болоруна токтолду.

Жолугушуунун соңунда Кеңешкан Шаменова Садыр Жапаровго батасын берип, кыргыз элине биримдик, тынчтык жана өнүгүүнү тилек кылды.