Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах июнда отставкага кетет

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2025 11:42
WhatsApp Image 2025-02-27 at 07.45.07.jpeg

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу кеңеши уюмдун президенти Томас Бахтын отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, Томас Бах 23-июнда уюмдун мүчөлүгүнөн кетет. Ошол күнү Эл аралык Олимпиада комитетинин жаңы президентине укуктар өткөрүлүп берилет. Ал эми жаңы жетекчи 20-мартта Грециянын Коста-Наварино шаарында шайланат.

71 жаштагы Бах уюмдун мүчөлүгүнө 1991-жылы шайланган. 2013-жылы ал Эл аралык Олимпиада комитетинин 9-президенти болуп дайындалган. Ушул эле орунга дагы бир жолу кайра шайланган.

Былтыр Бах кызматтан кетерин билдирген болчу.