ЭКУ саммити. Климаттык максаттарга жетүү үчүн долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу зарыл – экономист

Экология Загрузка... 03 Июль 2025 17:35
514857519_2403.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. 3-4-июлда Азербайжандын Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммити өтөт. Саммиттин темасы – “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы” деп аталат. Иш-чарага уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат. Тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулайт.

Климаттык максаттарга жетүү үчүн долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу учур талабы экендигин экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул ирет уюмга мүчө мамлекеттер дүйнө коомчулугун тынчсыздандырган климаттын өзгөрүшүн күн тартибине киргизип, өз сунуштарын ортого салып, талкуулап жатканынын мааниси чоң.

“Акыркы жылдары уюмга мүчө мамлекеттер биргелешкен кызматташтык аркылуу аймактык өнүгүүнү жогорулатууга өзгөчө маани берип жатат. Алар экономикалык алакада гана эмес, энергетика, транспорт, айыл чарба тармактарында да бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырууга кадам жасады. Бул ирет саммитте энергетикалык кызматташтыкка да маани берилип жатат. Алсак, мында негизги көңүл кайра жаралуучу энергияны экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүүгө жана аймактагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле туруктуу региондук өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экологиялык туруктуулук маселеси да болот”, - деди ал.

Ошондой эле Гүлназ Супаева Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өз демилгелерин эл аралык коомчулукка сунуштап, ишке ашырууга артыкчылык берерин белгиледи.

“Айрыкча Кыргызстандын тооэкосистемасын коргоо боюнча бир катар демилгелери эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынган. Биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнөн улам олуттуу кесепеттерге туш болуп жаткан мөңгүлөрдүн эришине көңүл буруу керектигин, тоолуу мамлекеттерди колдоо зарылдыгын көтөрдү. Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча тажрыйбаларды колдонууга басым жасап, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын колдонууга артыкчылык берип жатат", - дейт экономист.