Экстремалдуу туризм: Эми камсыздандыруу милдеттүү болушу мүмкүн

Туризм Загрузка... 17 Февраль 2026 16:42
607615916_3674179129391926_1543428107300542775_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Экстремалдуу туризмге кызыккандарга милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизилиши керек. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү зарыл.

Эрденет Касымов белгилегендей, Грузия 2026-жылдын 1-январынан тартып туристтерге милдеттүү камсыздандырууну киргизди.

“Экстремалдуу туризмге кызыгып келгендер азыр камсыздандырылат. Бирок камсыздандыруу суммасынан куткарганга кеткен чыгымдар ашып кетип жатат. Бүгүнкү күндө биз Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте тыгыз иштеп жатабыз. Мына бизде көл, суу, тоолорубуз бар. Туристтер ар кандай кырсыктарга кабылып калышы мүмкүн. Биз бардыгын эске алып, коопсуз туризм мамлекетине айланышыбыз керек”, - деп белгиледи ал.