Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту “Экспо-демилге” аттуу республикалык кароо-сынак жарыялайт. Бул тууралуу мекемеде өткөн алгачкы жыйын учурунда маалым болду.
Сынакка жарандык сектордун өкүлдөрү, эксперттик коомчулук жана ишкерлер өз идеялары менен долбоорлорун сунуштай алышат.
Кароо-сынак төмөндөгүдөй үч негизги стратегиялык багыт боюнча өткөрүлөт:
- адам капиталы жана мамлекеттик түзүлүш;
- экономика, технологиялар жана инновациялар;
- улуттук иденттүүлүк жана социомаданий баалуулуктар.
Институттун директору Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында аталган кароо-сынак 4 этап менен өткөрүлөт.
“Долбоорлор электрондук форматта институттун сайты аркылуу кабыл алынат. Аларды атайын түзүлгөн эксперттик топ карап чыгып, тандайт. Үч сектордон 20 идея, жалпы 60ы тандалып алынып, ар бир тармактан алдыңкы үчөөнө сыйлыктар ыйгарылат”,-деп билдирди директор.