Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Жасалма интеллект тездик менен өнүгүп жаткан шартта жана жаңы глобалдык чакырыктардын пайда болушу шартында буга чейин болуп өткөн окуяларды талдоо гана эмес, келечектеги процесстерди алдын ала болжолдой билүү да өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин башкы директорунун орун басары Марат Абулхатин "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындай форматтагы жолугушуулар тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзгөндүктөн, абдан маанилүү аянтча болуп эсептелет.
"Бүгүнкү күндө болуп өткөн окуяларды жөн гана талдап тим болбостон, алдыда боло турган окуяларды, фактыларды жана процесстерди алдын ала болжолдой билүү маанилүү. Алдын ала эскерткен — даярдык дегендей. Дал ушул болжолдуу аналитика Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саясий жетекчилиги үчүн өзгөчө маанилүү болот", — деди ал.
Марат Абулхатин бул багытты өнүктүрүү үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүп, жаш адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, өлкөлөр кадрларды даярдоо жаатында тажрыйба алмашууну жолго коюп, аналитикалык жана болжолдуу ишмердиктин бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгышы керек.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүп жатат. Аны Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда. Иш-чарага 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий институттардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Форумдун темасы — "ШКУ жаңы доордо: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай".
Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык кызматташтык жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.