Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Кыргызстанга 26 өлкөдөн медиа өкүлдөрүнүн келиши — тарыхый көрсөткүч. Бул тууралуу журналист жана медиаэксперт Азамат Тынай тегин “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ал медиа тармагындагы мындай чоң масштабдуу иш-чараны ал алгач ирет көрүүдө.
"Чынын айтсам, буга чейин эң чоң кыялдарыбызда да Кыргызстанга 26 өлкөдөн 250дөн ашуун делегат келет деп элестете алчу эмеспиз. Бул Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылып жатканы менен гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун өлкөбүзгө болгон кызыгуусунун өсүшү жана акыркы жылдардагы дипломатиялык жетишкендиктер менен байланыштуу. Анын ичинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болушу да маанилүү роль ойноду», — деген пикирин билдирди Азамат Тынай уулу.