Экономикалык өсүш: Кыргызстан ИКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы бештигине кирди

Экономика
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 05.31.04.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2025-жылы ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү боюнча Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө 57 өлкөнүн ичинен алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирди.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, былтыр Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч Ислам өлкөлөрүнүн статистика, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана окутуу борбору (SESRIC) тарабынан сунушталган маалыматтарда чагылдырылган.

Аталган көрсөткүчтөр 2026-жылдын 31-октябрынан 3-ноябрына чейин Түркиянын Стамбул шаарында өткөн ИКУнун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) 42-министрлер жыйынында белгилүү болду.

Жыйын Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын катышуусунда өтүп, ага Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу да катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, экспортту диверсификациялоо жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.