Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. "ЭкоМир" эл аралык экологиялык сынагына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Россиянын жаратылыш илимдери академиясы жыл сайын "ЭкоМир" эл аралык экологиялык сыйлыгынын лауреаты наамына айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сынак өткөрөт.
Ага бул ирет Россиядан жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 250дөн ашык уюм жана жеке авторлор катышуусу күтүлүүдө.
Сыйлык 11 номинация боюнча берилет:
- экологиялык саясат жана айлана-чөйрө,
- экологиялык билим берүү,
- жаштардын долбоорлору жана программалары,
- экологиялуу коопсуз товарлар жана азыктар,
- экология жана адамдын ден соолугу ж.б.
Сынакка ишкана, уюмдар, автордук жамааттар, бийлик органдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жеке адамдар катыша алышат. Арыздар 15-декабрга чейин кабыл алынат. Сынактын эрежелери жана талаптары боюнча www.raen.info сайтынан таанышууга болот.