Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Сокулук районунда атмосфералык абаны коргоо жана автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын абага таралышын алдын алуу максатында экологиялык рейд өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарын бузуу боюнча эки факт аныкталып, эки протокол түзүлдү. Укук бузгандарга жалпы 30 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Министрлик экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар улантыларын билдирди.