Элдик курултай – бул Кыргызстандагы кеңешүүчү, байкоочу жана коомдук өкүлчүлүктүү жыйын болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал бийлик менен элдин ортосундагы түз диалог аянтчасы катары кызмат кылып, аймактардагы көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде көтөрүүгө мүмкүндүк берүүдө.
Курултай – укуктук макамы боюнча мамлекеттик өнүгүү багыттары, социалдык-экономикалык маселелер, жарандардын укуктарын коргоо жана улуттук баалуулуктар боюнча сунуш берүүчү орган. Ал президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин төрагасынын отчетторун угууга, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ээлеген кызматына шайкештиги боюнча сунуштарды киргизүүгө укугу бар. Делегаттар элдин, жергиликтүү жамааттардын арасынан шайланып келет. Ал эми депутаттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер делегат боло албайт.
Курултайдын тарыхый мааниси
Курултай 21-кылымдагы заманбап Кыргызстандын саясатына конституциялык негизде киргенге чейин көп жолду басып өттү. Тарыхы байыркы жана орто кылымдарда башталып, көчмөн элдердин аскердик-стратегиялык жана саясий муктаждыктарынан келип чыккан. Ал кезде курултай эл башчыларын шайлоо, тынчтык маселелерин чечүү, эл арасындагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн чогулуп турган. Мисалы, орус бийлиги менен дипломатиялык байланыш түзүү маселесин талкуулоо үчүн 18-кылымдын аяк ченинде Атаке баатыр курултай чакырып, дипломатияга жол ачылганы маалым.
Ал эми эгемен Кыргызстандын алгачкы жылдары бир нече жолу жалпы элдик деңгээлде чакырылып, кийин коомдук жана саясий топтор тарабынан өткөрүлүп келгени менен мыйзамдык макамга ээ болгон эмес. 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияга мамлекеттик консультативдик-кеңешүүчү орган катары бекитилип, төрт жылдан бери өткөрүлүп келет.
Буга чейинки жылдары жалпысынан мектеп, бала бакча, суу, энергетика, жумушсуздук сымал социалдык жергиликтүү көйгөйлөр көтөрүлүп келген. Анткени ал жылдарга чейин кайсы тармакты алып караба, баарында абал оор болчу. Бул жолу уюштуруучулар Элдик курултайда масштабдуу жана стратегиялык маанидеги сунуштар айтылса деген ниеттерин билдиришти.
2025-жылдагы Курултайдын өзгөчөлүктөрү жана көтөрүлгөн маселелер
Биринчиден, Элдик курултай аркылуу бийлик менен калктын “түз байланыш” форматы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү десек болот. Мурунку курултайлардагы тапшырмалардын 71%ы аткарылган. Бул жагдай катышуучулардын аталган институтка ишенимин бекемдеди.
Экинчиден, быйылкы кеңешменин өзгөчөлүгү – аймактардагы маселелерди чечүү үчүн делегаттардын министрлер менен бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгү болду. Мисалы, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция маселелери боюнча Эмгек министри менен жолугуп, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Ал эми чет жактардагы диаспоралардын өкүлдөрү Тышкы иштер министри менен жолугушту.
Делегаттар жалпы мамлекеттик маанидеги маселелерди көтөрүү менен бирге жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн да айта кетүүнү эп көрүштү. Анын үстүнө Садыр Жапаров өзү талап кылды. Ошол эле убакта өлкө башчы аким, губернаторлор делегаттарга басым көрсөтпөшү керектигин эскертти. Айтмакчы, акимдердин бири делегаттын ишине кийлигишүү аракети үчүн териштирүүгө кабылды. Эгер айыбы ачылса жоопко тартылары айтылды.
Делегаттар көтөргөн маселелерди бир нече багытка бөлсө болот.
- Миграция маселеси. Бул көйгөйдү көтөргөн делегаттар чынында көп болду. Эгемендик алгандан бери келе жаткан жумушсуздуктун кесепетинен мигранттарга айланган жарандар укуктук жактан колдоого жана коргоого муктаж экендиктери белгилүү. Делегаттар мигранттарды МИК аркылуу үй менен өзүнчө макам менен камсыздоо, Жогорку Кеңешке шайлануу укугун берүү, өлкөгө кайткан этникалык кыргыздарга жарандык алууда жана башка иштерде жеңилдик берүү сунуштарын айтышты. Айрым санактар боюнча, өлкө сыртында 1,5 миллион этникалык кыргыздар жашайт. Курултайда мамлекет башчы бул сунуштарга жооп берип жатып, Кыргызстан аларды кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлигинен Россиядагы эмгек мигранттарынын укугун сактоону жакшыртууну талап кылышты. Өтүп бара жаткан жылы аталган өлкөдө мигранттар үчүн катаал эрежелер кирип, текшерүүлөр көбөйгөнү маалым.
- Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктар. Мындан ары балдарга жана аялдарга кол салгандарды ар кыл шылтоо менен актоого мүмкүн болбойт деген ишеним жаралды. Анткени, бул көйгөйдү президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда ортого салды. Буга чейин УКМК төрагасы да кылмышкерди эч бир шарт актабай тургандыгын айтып, кескин пикирин билдирген болчу. Ысык-Көлдө 17 жаштагы окуучу кызды зордуктап өлтүргөн жаран ага чейин 7 жолу зордуктоо жана өлтүрүү беренелери менен кармалып, бирок сот тарабынан бошотулган окуя сот системасынын, укук коргоо органдарынын терең реформага муктаж экенин көрсөтүп турган эң кайгылуу мисал болуп калды. Ошондой эле делегаттар үй-бүлөсүнө зөөкүрлүк кылган, балдарын таштап кеткен эркектерге мамлекеттик кызматка барууга жана депутат болууга тыюу салуу сунушун беришти. Арасында коррупционерлерге, үй-бүлөлүк зомбулукка баргандарга жана педофилдерге өлүм жазасына уруксат берүүнү сурангандар да болду.
- Мамлекеттик тил. Делегаттар мамлекеттик башкарууда, соттордо, укук коргоо органдарында кыргыз тилин колдонуу катаал көзөмөлгө алынышы керектигин белгилешти. Ошондой эле экономика, укук, медицина баштаган тармактарда кыргыз тилиндеги терминологиялык база абдан алсыз болгондуктан расмий тилдин таасири күчөп жатканын айтышат. Ошол эле убакта кыргыз тилинде билим берүүнүн сапатынын жетишсиздиги туурасында кеп козголду. Тил маселеси президенттин кайрылуусунда да көтөрүлүп, кыргыз тили жана улуттук салт-санаалар биздин иденттүүлүгүбүздүн пайдубалы экенин белгиленген. Бул арада дүйнөгө ачык болуу үчүн көп тил билүүнүн мааниси белгиленип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү орус тилинин макамын алып салуу менен коштолбой турганы белгилүү болду.
Экологиялык коопсуздук. Ал эми Ош жана Караколдон келген делегаттар ыш көйгөйү Бишкекте эле эмес, аталган эки шаардын тургундарын да кабатырланта баштаганын билдиришти. Экология маселесин президент да көтөрүп, жыл өткөн сайын азайып бара жаткан суулар Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия үчүн да кооптуулук жаратып жатканын белгиледи. Натыйжада сууну сарамжалдуу пайдалануу муктаждыгы келип чыгууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Элдик курултайда 2025-жылы суу чарба тармагына мамлекеттик бюджеттен рекорддук суммадагы каражат бөлүнгөнүн, алар ирригациялык системаларды реконструкциялоого, каналдарды тазалоого жана жаңыларын курууга багытталганын маалымдады. Министр суу тартыштыгын алдын алуу үчүн дыйкандарды тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу технологияларына өтүүгө чакырды. Эскиче сугаруу ыкмалары суунун 40-50% текке кетишине алып келет. Ошол эле учурда сугат суунун жетишсиздиги курултай сайын айтылган маселелердин бири. Президент алдыдагы 4-5 жылда суу топтоочу жайлар курулган соң, аталган көйгөй чечилерин белгиледи. Таза суу маселеси да 2030-жылга чейин чечилери айтылды.
- Кадр маселеси. Делегаттар айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү жана алардын түйшүгүн азайтуу зарылдыгын айтышты. Өз кезегинде Садыр Жапаров мамлекет кесипкөй адистерге муктаж экендигин, мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчун жалпы мамлекеттик кызматтарда коррупция менен күрөш жүрүп жатканын белгилеп, анын натыйжасында паракорлуктун деңгээли 80%дан 30%га түшкөнүн билдирди. Өзгөчө сот тармагындагы паракорлукка токтолуп, эми пара алган кызматкер менен кошо пара берген жаран да жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
- Мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы. Социалдык сферанын кызматкерлери арасында эң эле көйгөйлүү маяна маселеси экени маалым. Өзгөчө дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы 100% көтөрүлө турганын делегаттар да, коомчулук да жакшы белги деп баалап жатышат. Эске салсак, 2010-жылдары педагогдор менен дарыгерлердин айлыгы 5000-7000 сомдун тегерегинде болчу. 2017-жылкы көрсөткүч жалпысынан 9000-13 000 чегинде эле. Ал эми 2023-2025-жылдар 24 000-40 000 сом алгандар бар. Акчасы көтөрүлө тургандардын арасына маданият кызматкерлери кирет.
- Энергетика. Өкүлдөр аймактарда райондорду электр жарыгы менен камсыздай турган чакан ГЭСтерди куруу зарылдыгын белгилеп жатышат. Делегаттар он жылдап жаңыртылбаган трансформаторлордун айынан жарык өчүп жатканын, электр энергиясынын баасынын айрым катмар үчүн кымбаттыгын, электр түйүндөрүнүн түйшүгүн жеңилдетүү үчүн тезинен газ менен камсыз кылуу талаптарын коюшту. Садыр Жапаров энергетика -улуттук коопсуздук маселеси экенин белгилеп, быйыл 20дай чакан ГЭСтер ишке берилгенин билдирип, 2030-жылга чейин өлкөдө электр энергиясы турукташып каларын белгиледи. Бул арада жарандар электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануусу керек.
- Чек ара тараптагы социалдык маселелер. Чек арага жакын жашагандардын атынан келген делегат тил, телеберүү, уюлдук байланыш, маданият үйүнүн жоктугу, сугаттагы көйгөйлөр туурасында айтып берди. Чек ара демекчи, мурдагы курултайларда чек араны аныктоо, тактоо талаптары кабыргасынан коюлуп келсе, быйылкы курултайда чек ара боюнча чечилген иштердин натыйжасы саналды. Алар, албетте коопсуздук, тынчтык жана коңшулар менен достук мамиле. Садыр Жапаровдун администрациясынын тарыхый жеңиши деп - Тажикстан менен чек аранын чечилип жатканын атаса болот.
Элдик курултай стратегиялык институтка айлануу жолунда
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Элдик курултай институтун башынан эле колдоп келгендердин бири. Элдик жыйынды бийлик менен элдин ортосундагы диалог, элди кабатырланткан маселелерди талкуулоочу ачык механизм деп атап келет. Кыргыздын каада-салтында 1000 жылдап иштеп берген курултай, акыркы 4 жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасына конституциялык негизде жаңы институт болуп кирип, барган сайын стратегиялык мааниге ээ болуп жатканын белгилейт. Айтымында бул формат Кыргызстан эле эмес дүйнөлүк цивилизация үчүн да жаңылык.

“Жыл сайын курултайдын мааниси өсүп жатат. Курултай бүгүнкү күнү стратегиялык институтка айланды. Президент да өз сөзүндө стратегиялык саясаттан кеп козгоду. Майдаланган жок, доктриналдуу кайрылуу болду.
Курултайда ортого салынган маселелерге келсек. Эң алгач, чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстан дүйнөгө үлгү көрсөттү. Ал тилкелер абдан татаал болуп, эл аралык эксперттер да чек арадагы кризис туурасында каңкуулап жатышкан. Бирок дүйнөдө болуп жаткан каатчылыктардын жанында биздин чек ара боюнча чечим эң оптималдуу десе болот. Чындыгында тынчып калдык.
Ал эми суу, энергетика маселесин президент өзү көзөмөлдөп жатпайбы. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тамчылатып сугаруу сымал сарамжал технологияларды колдонбосок суу коңшуларга да жетпей калат деп айтты.
Мен мурунку курултайларга делегат болуп катышкам. Ошондой экология маселесин көтөрүп, илгеркидей тазалык жумаларын өткөрүүнү сунуштагам. Өкмөттүн тапшырмасы менен жалпы жумалыкка чыгып, Кыргызстанды бир күндө тазалап койсо болот. Биз студент кезде 1-2 айлап айыл чарба иштерине жардам берчүбүз. Биринчиден, айлана-чөйрө таза болот. Экинчиден, жаштарга көрүнүктүү тарбия”, - деди саясат таануучу.
Бакыт Бакетаевдин пикиринде курултай аркылуу президент коомду мониторинг кылып, жүргүзүлүп жаткан реформаларга карата жарандардын чыныгы мамилесин биле алат. Андыктан делегаттар бир көйгөйдү улам-улам айтып жатышат же майдаланып кетишти деп сындаштын кереги жок.
“Президенттик тартипте, ал маалыматты Жогорку Кеңештен, интернеттен, курултайдан чогултат. Кайра-кайра айтылып, улам кайталанып жаткан көйгөйлөр мониторинг үчүн керек. Демек, ошол маселе бышып жетилиптир, чечиш керек экен деген жыйынтык чыгарылат. Алардын баарын президенттин командасы талдап чыгып, тийиштүү чараларды көрөт”, - деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу Бакыт Бакетаев.
Курултайдын чечими – коом алдында алган моралдык милдет
Саясат таануучу Бакытбек Жумагуловдун пикиринде курултай өлкөнүн саясий туруктуулугун бекемдеп, жылдын маанилүү ички саясий окуясына айланып калды деген ойдо. Анын пикиринде Элдик курултай түз демократия менен элдик бийликтин маанилүү институту. Вертикалдуу жана буйрукчул бийликке салыштырмалуу Элдик курултай талкуу, талаш-тартыш, ишендирүү, макулдашуу, чечим жолдорун издөө аркылуу иштейт.

“Курултайдын чечими – бул жөн гана мыйзам эмес, коомчулук алдында жүктөлгөн моралдык жоопкерчилик. Эң негизгиси Элдик курултай бийликтен көз каранды болбошу керек. Эгер делегаттар жогору жактан шайланып, күн тартиби бийлик менен макулдашылса, анда делегаттар сын-пикир айтууда чектелип калышат.
Ошондуктан делегат өзүн-өзү көрсөткөнү же ылдыйдагы жамааттардан көрсөтүлгөнү эң туура. Бул учурда сын айтуу укугу жогору болот. Болбосо, курултай институт эмес, жөн эле декорация болуп калат.
Курултайга өкүлчүлүк кылгандар аксакалдардын же бийликке жакын топтордун жыйыны болуп калбашы керек. Оптималдуу курам моралдык салмак үчүн аксакалдарды, жаңы көз караш үчүн жаштарды, ишкерлерди, мугалим, дарыгерлерди, илимпоздорду, аймактарды жана диаспораларды камтып турушу шарт. Анткени курултай бир кызыкчылык үчүн топтолгон адамдардын клубу эмес, жалпы коомдун күзгүсү”, - дейт Бакытбек Жумагулов.
Эки күндүк элдик жыйындагы сунуштар жана талаптар 2026-жылы аткарыла турган тапшырмалардын негизин түзөрү бышык. Алардын бир тобу балким аткарыла баштады, балким өкмөттүн планына мурда эле киргизилген. Мында негизгиси – бийликтердин коомчулук алдындагы моралдык милдеттерди да алганында. Курултай жетекчилерге өзгөчө басым жасала турган көйгөйлөрдүн астын сызып, белгилеп алууга мүмкүнчүлүк берди. Ал эми делегаттар өлкө башында тургандардын ар бир кыймылы элдин көз алдында экенин курултай аркылуу бир сыйра эскертишти. 2025-жылдагы Элдик жыйын сапат, кесипкөйлүк, маданияттуулук жагынан мурдагылардан кыйла жакшырган тартипте өткөн менен, чечилиши керек болгон маселелер дагы деле арбын экени дагы бир жолу ачык көрүндү.