Экологдор Сузакта унаалардан чыккан зыяндуу заттарды текшерди

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-07-31 at 09.29.19 (1).jpeg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Сузак районунда атмосфералык абаны коргоо максатында автоунааларга карата рейддик текшерүү жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору менен биргеликте өткөргөн иш-чаранын жүрүшүндө 13 унаа текшерилди.

Текшерүүдө бир унаадан зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы белгиленген нормадан ашканы аныкталып, анын ээсине 7 миң 500 сом айып пул салынды.

Ошондой эле айдоочуларга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддер мындан ары да улантылат.