Экологдор Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо фактысын аныктады

Укук тартиби 13 октябрь 2026 14:50
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.05.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.04.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.04.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.05.13.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.05.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.04.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.04.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 09.05.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Суусамыр өрөөнүндө балыктардын урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жүргүзгөн рейд учурунда аныкталган.

Факт боюнча административдик протокол түзүлүп, 20 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 миң 20 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Министрлик балыктардын урук чачуу мезгилинде белгиленген эрежелерди сактоо суу биологиялык ресурстарын коргоо үчүн маанилүү экенин эскертти.