Экоактивист Бакыт Өмүрбаев Кырчында 1-сентябрдан бери таштанды чогултууда

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 12:35
Экоактивист Бакыт Өмүрбаев Кырчында 1-сентябрдан бери таштанды чогултууда
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Экоактивист Бакыт Өмүрбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор үчүн аймакты таза сактоо максатында 1-сентябрдан бери Кырчын этношаарчасында таштанды чогултуп жүрөт. Бул тууралуу ал ”Кабар“ агенттигине билдирди.

Анын айтымында, негизги максаты — Кырчынга келген коноктор үчүн аймактын тазалыгын камсыздоого өз салымын кошуу.

”Менин эң негизги максатым — коноктордун алдында бардык нерсе мыкты болушу. Албетте, буга толук жетүү кыйын, бирок ошого умтулабыз. Ошондуктан бул жерде таштанды чогултууну чечтим”, — деди ал.

Бакыт Өмүрбаев Кыргызстанды кыдырып, кайсы аймакта болбосун айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл буруп, таштанды чогултуу менен алектенерин белгиледи.

Ошондой эле анын Instagram социалдык тармагында өзгөчө чакырыгы бар. Ага ылайык, ар бир жаңы катталуучу үчүн ал беш даана таштанды чогултат.

”Бул ишимди Кырчында да ыктыярдуу негизде улантууну чечтим”, — деди экоактивист.

Ал таштанды чогултууда жардам берип, жылуу сөзүн айтып колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.

Өмүрбаевдин айтымында, бул ишке чет өлкөдөн келген туристтер да кошулууда. Маселен, ага Словакиядан, Канададан жана Англиядан келген меймандар жардам көрсөтүшкөн.

Экоактивист өлкө тургундарын жана конокторду жаратылышты азыркы кооз абалында сактоого жана таштанды таштабоого чакырды.

”Таштанды сиздики болбосо да, мүмкүнчүлүк болсо аны алып, таштанды челекке чейин жеткирип коюңуздар”, — деп кайрылды ал.