Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Окумуштуу Альберт Эйнштейнге таандык скрипка Улуу Британияда аукционго чыгарылууда. Анын баасы 200–300 миң фунт стерлингдин арасы (270–405 миң АКШ доллары) деп бааланууда. Бул тууралуу Dominic Winter аукциондук үйүнүн сайтына жарыяланганын, Известия агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Эйнштейн бул музыкалык аспапты 1890-жылдардын ортосунда, Германиядан Швейцарияга окууга кетер алдында сатып алган. Окумуштуу аны өспүрүм кезинен тартып, бой жеткенде да колдонуп жүргөн. Айрыкча ал 1905-1915-жылдары салыштырмалуулук теориясы боюнча эң маанилүү макалаларын жазып жаткан учурда да ушул скрипкада ойногону белгиленет.
1930-жылдары нацисттер бийликке келгенде Эйнштейн АКШга көчүп кетүүнү чечкен. Өзүнүн буюмдарын, жоголуп кетпеши үчүн, кесиптеши - физик Макс фон Лауга калтырган. Алардын арасында жогоруда аталган скрипка, велосипед жана атасы белекке берген философия китеби болгон.
Арадан 20 жыл өткөн соң Лау бул буюмдарды Эйнштейндин күйөрманы Маргарете Хоммрихке белек кылган. Анын үй-бүлөсүндө аталган буюмдар 70 жылдан ашык сакталып турган.