Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Испаниялык турист айым Египеттин Дахшур аймагындагы Снофру фараонунун пирамидасынын ичине 80 метрге тереңдикке түшүп кетти. Бул тууралуу Gulf News басылмасына таянып, Известия жазды.
Маалыматка караганда, аял пирамиданын ичине кирүүчү тар жана тик жолдон тайгаланып кеткен. Куткаруучулар чакыруу түшкөндөн кийин дароо жетип барышкан.
Дарыгерлер менен куткаруучулар тар жана дем жетпеген өтмөктөр аркылуу аялга жетип, аны коопсуздук боолору жана тактай менен көтөрүп чыгышкан. Куткаруу иши бир нече саатка созулган. Учурда турист айым ооруканада.
Ага чейин, күн мурун Daily Mail Тутанхамондун табыты урап түшүү коркунучунда экенин билдирген. Археологдор дубалдарда чоң жаракалар пайда болгонун жана нымдуулук фрескаларды бузуп жатканын аныкташкан.