Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Каирдин түндүк-батышындагы Александрия провинциясындагы пляжда 6 студент сууга чөгүп, дагы 24ү жабыркаган. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Египеттин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Маалыматка караганда, каза тапкандар студенттик топтун мүчөсү болушкан. Алар Египетте экскурсияда жүрүшкөн.
Окуя катталган жерде үч жабырлануучуга жардам көрсөтүлүп, 21 адам жакынкы ооруканаларга жөнөтүлгөн.
Египеттин премьер-министринин орун басары, саламаттык сактоо министри Халед Абдель Гаффар белгилегендей, жабылануучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүлөт.
Азырынча министрлик окуя тууралуу кенен маалымат берген жок, бирок коомчулукту пляждагы коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.