Египет туризмден түшкөн кирешени 30 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Дүйнө Загрузка... 30 Июль 2025 12:10
WhatsApp Image 2025-07-30 at 10.54.37.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Египет бийлиги туризм тармагынан түшкөн кирешени 30 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, туризм – өлкөгө киреше алып келе турган негизги булактардын бири. Мындан улам Египет 2028-жылга карата чет элдик туристтердин санын 30 миллионго жеткирүүнү пландоодо.

Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули билдиргендей, 2024-жылы өлкөгө 15,7 млн турист келген.

Ошондой эле Египеттин бийлиги октябрдан тартып гиддердин айлыгын жогорулатууну чечти. Туризм министрлигинин маалыматына караганда, алардын бир күндүк эмгек маянасы 1 миңден 1,8 миң фунтка чейин көбөйөт (20,5тен 37 АКШ доллары). Жарым күндүк акысы – 1,1 миң фунт. Гиддердин айлыгы 2023-жылы 1 миң фунтка чейин жогорулатылган.