Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Эл аралык институттарды жана дүйнөлүк каржы системасын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен реформалоо зарыл. Бул тууралуу Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн "ШКУ+" форматындагы жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, азыркы дүйнөдө чек ара аралык коркунучтар, куралдуу кагылышуулар, климаттык жана экологиялык тобокелдиктер сыяктуу бир катар олуттуу чакырыктар жаралууда. Аларды чечүү үчүн жаңы ыкмалар, ачык-айкындуулук жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү талап кылынат.
Ал көп уюлдуу дүйнөлүк тартип чыр-чатактарды жөнгө салууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, ошондой эле тынчтык менен туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзө аларын белгиледи.
"Бул өз ара урматтоого, биргелешкен аракеттерге жана эл аралык укуктун үстөмдүгүнө бекем негиз түзүүнү талап кылат", – деп баса белгиледи Хусейн Мохамед Ахмед Иса.
Ал эл аралык процесстерде өнүгүп келе жаткан жана африкалык өлкөлөрдүн ролуна өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, дүйнөлүк маанидеги чечимдерди кабыл алууда бул мамлекеттердин үнү угулуп, алардын позициясы эске алынышы керек.
Египеттин премьер-министринин орун басары ошондой эле эл аралык каржы архитектурасын өркүндөтүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылык ресурстарга адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылган механизмдерди түзүүгө чакырды.
Иса Бириккен Улуттар Уюмунун системасын да реформалоону жактады.
"Уюмдун системасында жүргүзүлө турган реформалар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн пикирин эске алып, бардык мамлекеттердин муктаждыктарына жооп бериши керек. Ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте бардык өлкөлөрдүн жана бардык пикирлердин кызыкчылыгын эске алуу менен иш процесстерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү зарыл", – деп белгиледи ал.
"ШКУ+" форматы тууралуу сөз кылып жатып, ал бул аянтча пикир алмашууга, жалпы чечимдерди издөөгө жана консенсуска жетишүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.
"ШКУ+” форматы бизге кабыл алынган чечимдерди бекемдөөгө, кандайдыр бир консенсуска келүүгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун потенциалын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул бардык өлкөлөр үчүн өз ара пайдалуу болот", – деди ал.
Сөзүнүн соңунда Хусейн Мохамед Ахмед Иса Египет ШКУ менен кызматташууну улантууга, уюмдун өнүгүшүнө жана азыркы эл аралык чакырыктарды биргелешип чечүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.