Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Дүйнө барган сайын көп уюлдуу болуп жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюмун кошкондо көп тараптуу институттарды азыркы дүйнөнүн реалдуулугуна ылайык реформалоо зарыл. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн "ШКУ+" форматындагы жолугушууда сүйлөп жатып билдирди.
Гутерриштин айтымында, дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмагы өзгөрүп жатат, бирок эл аралык уюмдар көп жагынан 1945-жылдагы реалдуулукту чагылдырып келүүдө.
"Биз көп тараптуу институттарыбызды, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмун жана жалпы системаны бүгүнкү күндүн реалдуулугун чагылдыра тургандай кылып реформалашыбыз керек. Ошондой эле адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу максатында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн жана таасирин кеңейтүү зарыл", – деди ал.
БУУнун башкы катчысы БУУ Шанхай кызматташтык уюму менен узактан берки кызматташтыкты жогору баалай турганын белгиледи. Ал БУУ менен ШКУнун өнөктөштүгү өзгөчө мааниге ээ боло турган төрт багытты атады. Алар – глобалдык коопсуздук, өнүгүүнү каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш жана жасалма интеллект.
Глобалдык коопсуздук маселесине токтолгон Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды эл аралык укукка негизделген тынчтык жолу менен, адилеттүү жана узак мөөнөттүү жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.
Ал Газада ок атышууну токтотуу режимин сактоого жана жаңжалды токтотуу боюнча комплекстүү пландын толук ишке ашырылышын камсыз кылууга чакырды. Ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүүгө болгон тоскоолдуктарды тез арада жоюу зарылдыгын белгиледи.