Египет чөлгө жаңы үлгүдөгү шаар курат

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Египет бийлиги Каирден батышты көздөй 42 чакырым алыстыкта жайгашкан чөлгө ири масштабдуу Жириан шаарын курууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди .

Жириан шаары 6,8 млн чарчы метр аянтты ээлеп, 2,28 млн акр жерди камтыган чоң айыл чарба демилгеси болгон - "Жаңы Дельта" долбоорунун бир бөлүгү болот. Ошондой эле шаарга күн сайын 10 млн куб метрге жакын Нил суусунун жер иштетүүгө жана айыл чарбасына пайдаланып жүргөн бир бөлүгү багытталары күтүлүүдө.

Долбоорго люкс турак жайлардан тышкары, коммерциялык зоналар, яхта маринасы жана эркин экономикалык аймакты куруу да кирет.

Премьер-министр Мустафа Мадбулинин айтымында, мамлекет суу тартыштыгы, энергетикалык кыйынчылыктар жана экономикалык каатчылык шартында жердин наркын жогорулатуу жана инвестиция тартуу үчүн «салттан тыш инновациялык жолдорду» колдонууга аракет кылууда.