Эгемендүүлүк күнүнө карата жүздөн ашык объект пайдаланууга берилет - Жыргалбек Медетканов

Загрузка... 25 Август 2025 11:27
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 100дөн ашык объект ишке берилет. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, 100 объектинин 50дөн ашыгы мектеп, 20сы бала бакча, 10ну оорукана, эмкана жана ошондой эле маданият, спорт багытындагы имараттар.

"Жалпысынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 100дөн ашык объектини ишке берели турабыз. Негизинен бала бакча менен мектеп сыяктуу социалдык объектилерге басым жасалган. Өлкөнүн бардык айылдарында четинен эски мектептердин ордуна жаңы мектептер курулуп, айрым абалы жакшы мектептер капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп жатат",- дейт Медетканов.

Белгилей кетсек, 2025-жылга коюлган план боюнча жылдын аягына чейин 200дөн ашык объекттини ишке берүү пландалганын министрликтин өкүлү маалымдады.

"Ошол 200 объектинин ичинен 100 объектини эгемендүүлүк күнүндө тапшыруу пландалган. Андан башка өлкө боюнча учурда курулушу жүрүп жаткан 600дөн ашык объектибиз бар. Мунун ичинен 385 объекти жаңыдан курулуп, капиталдык курулуш жүрүүдө. Анын ичинен 200дөйү мектеп, 100дөн ашыгы бала бакча жана саламаттык сактоо, маданият, спорт жана башка объектилер. Андан тышкары, капиталдык оңдоп-түзөө жүрүп жаткан 200гө жакын объектибиз бар",- деди ал.

Ошентип, министрликтин алдына быйылкы жылга коюлган иш пландар толук кандуу аткарылып жатканын Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары кошумчалады.