Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 26 социалдык объект пайдаланууга берилет.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, алардын арасында 7 жаңы мектеп, мектептердин кошумча имараттары, 5 бала бакча жана башка социалдык маанидеги объектилер бар.
Объектилерди 31-август – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.