Эгемендүүлүк күнүнө карата Кызыл-Кыяда жаңы завод ишке кирет

Аймак 09 Июль 2026 17:05
740286116_1565314904961959_5731227482411491891_n.jpg
740333912_1565314968295286_8429064303174263539_n.jpg
741777568_1565314954961954_3876680746790094620_n.jpg
741906615_1565315058295277_1122598834717503687_n.jpg
741940500_1565315048295278_4507656007423875286_n.jpg
741940698_1565314918295291_6821880780027774212_n.jpg
741969991_1565314998295283_4649583227442417943_n.jpg
743336960_1565315008295282_3271300936242133361_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен "Асыл Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы ишканасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоордун алкагында шаардык мэрия тарабынан жеке ишкерге 0,4 гектар муниципалдык жер аянты даяр өндүрүштүк имараты менен кошо ижарага берилген.

Жеке инвестор тарабынан түзүлгөн базага 13,1 млн сом инвестиция тартылып, зарыл болгон жабдуулардын бардыгы орнотулду. Учурда сыноо иретинде алгачкы продукциялар чыгарыла баштады.

Ишкана толук ишке киргенде күнүнө 60-70 тонна курулуш материалдарын чыгарылып, жергиликтүү тургундар үчүн 15 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Белгиленгендей, жаңы өндүрүштү үстүбүздөгү жылдын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.