Эгемендүүлүк күнүнө белек: Кызыл-Кыяда оорукананын жаңы бөлүмү ачылат

Аймак 09 Июль 2026 11:15
1.jpg
741821004_1565093918317391_6812206450870921760_n.jpg
741828137_1565093871650729_337953200217205255_n.jpg
741888577_1565093958317387_6407538511993318791_n.jpg
741888758_1565093908317392_6575217358529011458_n.jpg
742129640_1565093981650718_2195763675502138957_n.jpg
742462058_1565093844984065_7222169405887363383_n.jpg
742511018_1565093864984063_2610799049025653555_n.jpg
742876278_1565093944984055_9172348066797602697_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында жаңы терапия бөлүмү пайдаланууга берилет.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, саламаттык сактоо объектисинин даярдыгын облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жеринен текшерди.

Заманбап имараттын курулушуна Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан 20 млн сом инвестиция тартылып, жергиликтүү бюджеттен кошумча 7 млн сом бөлүнгөн.

"Бейтапкана 17 орунга ылайыкташтырылып, акыркы үлгүдөгү талаптарга шайкеш курулду. Анын ишке кириши менен 18 жаңы жумуш орду түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге объектти белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта салтанаттуу ачууга тапшырмалар берилди.