Эгемендүүлүк күнү Баткен облусунда 15 объект пайдаланууга берилет

Аймак 29 Июль 2026 17:50
758469726_1018227861062851_1555070456848426635_n.jpg
759253935_1537302774762735_8690485335213817660_n.jpg
760671530_1763904384631058_6353250364326037361_n.jpg
759664213_2206587286865424_7959823775176196605_n.jpg
758280795_1038915155594236_8177973732694595795_n.jpg
758896538_1024276240318455_9206616014770241141_n.jpg
758731117_1519458046057641_3732274513768860276_n.jpg
759199833_1523074928938395_9123176008459129728_n.jpg
Алдыга
Артка
758469726_1018227861062851_1555070456848426635_n.jpg
759253935_1537302774762735_8690485335213817660_n.jpg
760671530_1763904384631058_6353250364326037361_n.jpg
759664213_2206587286865424_7959823775176196605_n.jpg
758280795_1038915155594236_8177973732694595795_n.jpg
758896538_1024276240318455_9206616014770241141_n.jpg
758731117_1519458046057641_3732274513768860276_n.jpg
759199833_1523074928938395_9123176008459129728_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунда жалпысынан 15 объекттин курулушу аяктап, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилмекчи.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын 12и социалдык объект, 3ү өндүрүш ишканасы.

Алар:
• Баткен шаары – Аэропорт участкасындагы 225 орундуу жаңы мектеп;
• Баткен шаары – муниципалдык автобекет;
• Сүлүктү шаарынын Белес участкасында – "Белес Резорт" эс алуу комплекси;
• Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында – жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнө кошумча имарат;
• Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасында – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат;
• Баткен районунун Жаңы-Жер айылында – 500 орундуу жаңы мектеп;
• Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Жаңы-Достук участкасында – фельдшердик-акушердик пункт (ФАП);
• Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында – "Бала Нур" бала бакчасына кошумча корпус;
• Кадамжай районунун Айырбаз айылында – "Кыргызстандын 10 жылдыгы» атындагы 500 орундуу мектеп;
• Кадамжай шаарында – «Аленушка» бала бакчасы;
• Кадамжай шаарында – бардык мезгилде иштей турган муниципалдык жабык сүзүү бассейни;
• Раззаков шаарынын Тайлан айылында – «Ак-Шоола» бала бакчасынын жаңы корпусу.

Мындан тышкары, Эгемендүүлүк күнүнө карата облус аймагында 3 жаңы өндүрүш ишканасы ишке берилет.
Алар:
• Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү (кургатуу) цехи;
• Кызыл-Кыя шаарында – «Асыл Холдинг» ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү өнөр жай ишканасы;
• Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында – шагыл майдалоочу өндүрүш цехи.

Жаңы пайдаланууга берилүүчү объектилер калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, заманбап билим берүү жана саламаттык сактоо шарттарын түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын ачууга багытталган.