Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Эдуард Кубатов жана Медетхан Кунай Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) аткаруу комитетине жаңы мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Алардын талапкерлиги 25-августта өткөн комитеттин кезексиз башкы ассамблеясында каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында колдоо тапты. Бош орундарга спорттук федерациялар тарабынан жалпысынан төрт талапкер көрсөтүлгөн.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө дзюдо, бадминтон, сквош жана бокс боюнча улуттук федерацияларды УОКтун жаңы мүчөлүгүнө кабыл алуу маселеси да каралды.
Мындан тышкары, ассамблеянын мүчөлөрүнө УОКтун тармактык комитеттери, аппараттын жаңыланган түзүмү, документтерди санариптештирүү жана расмий сайтты өнүктүрүү боюнча маалымат берилди.