Эбола вирусу: Конгодо ооругандардын саны ар 20 күн сайын эки эсеге көбөйүүдө

Дүйнө 107 13 Август 2026 17:00
1779099157362763_K0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасында Эбола безгегинин жайылышы болжол менен ар 20 күн сайын эки эсеге көбөйүүдө. Бул тууралуу Kazinform БУУнун жаңылыктар кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө оорунун 4 миң 449 тастыкталган учуру катталып, 2 миң 61 адам каза болгон. Демек, диагноз коюлган бейтаптар арасындагы өлүм көрсөткүчү дээрлик 46 пайызды түзөт. БУУнун гуманитардык кызматтары эпидемияга каршы чараларды күчөтүүнү улантууда.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Эболага каршы эмдөөлөрдү жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу жана сыноо иштерин жүргүзүүдө. Эболанын бир түрүн пайда кылган Бундибуджио вирусуна каршы эки вакцина клиникалык сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мындан тышкары, кеңири тараган Заир вирусуна каршы вакцинаны жаныбарларга сыноо боюнча эки изилдөө аяктады. ДСУнун маалыматына караганда, анын жыйынтыктары башка түрлөргө каршы да үмүт жараткан коргоо таасири бар экенин көрсөткөн. Уюм вакцинаны клиникалык сыноонун үчүнчү этабына өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле ооруну дарылоо ыкмаларын изилдөө иштери уланууда. ДСУнун колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан PARTNERS клиникалык изилдөөсүнө буга чейин 100 бейтап катышты.

ДСУ эл аралык өнөктөштөрдү Эболанын азыркы жана келечектеги очокторуна каршы чара көрүү үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, жаңы вакциналарды жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууну тездетүүгө чакырды.

Буга чейин эбола безгегинин очогу Конго Демократиялык Республикасында жер которууга аргасыз болгон адамдардын лагерлерине чейин жайылганы маалымдалган.