Ташкент, 20.03.25. /Кабар/. Европа Биримдиги менен кызматташууну өркүндөтүү үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо өтө маанилүү, - деди Бишкектеги Crossroads Central Asia институтунун директору Шайырбек Жураев күн мурун Ташкентте өткөн ЕБ жана БА аналитикалык борборлорунун форумунда.
Анын айтымында, биринчи жолу ушундай форматта уюштурулуп жаткан Форумдун негизги максаты – ЕБ менен Борбор Азиянын мамилелерине, анын ичинде "БА+" форматына байланыштуу эксперттик талкууларды өнүктүрүү, негизги демилгелерди сунуштоо, коңшулук саясатынын маңызын түшүндүрүү, ЕБдин Борбор Азия боюнча аналитикалык борборлору менен кызматташтыкты чыңдоо болгондугунан улам чоң тарыхый мааниге ээ.
Жураев Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттери, саясатчылары, ишкерлер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жогоруда аталган маселелер боюнча пикир алмашуу абдан кызыктуу жана пайдалуу болду деп эсептейт.
Кыргыз серепчисинин баамында, Борбор Азия менен Европа Биримдигинин экономикалык байланышына таасир тийгизген бир канча маанилүү жагдайлар бар. "Бүгүнкү күндө бул эки аймактын ортосундагы кызматташтык күчөп баратат. "Ортоңку коридор" деп аталган темир жол жана унаа жолдордон турган, сооданы күчөтө турган жаңы транспорттук мүмкүнчүлүктөр талкууланып жатат. Ушундан улам, бул жараянга тоскоолдук жаратуучу жагдайларга көңүл буруу өтө маанилүү", - деп белгиледи Жураев.
Серепчинини пикири боюнча, булардын катарына инфраструктура көйгөйлөрү, атап айтканда аймактагы темир жол тармагынын жакшы даражада өнүкпөгөндүгү, логистикалык хабдардын чектелгендиги, ошондой эле алардын соода жана инвестицияларга таасири сыяктуу күчтүү регулятивдик маселелер кирет. Булар, ошондой эле саясий мамилелер жана алакалар, соода, транспорт, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелерди да камтыйт.
«Ушул суроолор чечилип, саясий жана коопсуздук жагдайлары туруктуу болсо, Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Эки жуманын ичинде Самарканд шаарында өтө турган Европа Биримдиги – Борбор Азия саммитинде бул ой-пикирлер кененраак талкууланып, өз чечимин табат деп ойлоймун", - деп жыйынтыктады Жураев.