Бүгүнкү күндө ЕАЭБ тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтчага айланды. Биримдикке мүчө мамлекеттер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташтыкты арттырууга басым жасап келишет. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Чолпон-Атада өткөн кезектеги жыйынында электрондук соодадан баштап илимий даражаларды таанууга чейинки бир катар маанилүү чечимдерге жетишилди. Бул документтер биримдиктин ичинде кандай жеңилдиктерди бере турганын “Кабар” агенттиги кеңири айтып берет.
ЕАЭБ бизнес жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана учурда өзгөрүп жаткан экономикага жараша өз убагында атайын механизмдерди иштеп чыгууга көңүл буруп келет. Мунун баары биримдикте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул документ уюмдун экономикасын санариптик доордун талаптарына шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Ал эми ата мекендик ишкерлерди жаңы санариптик эрежелерге ыңгайлаштырууга багытталган. Күндөн-күнгө жаңы санариптик инструменттер ишке киргизилип жаткандыктан биримдиктин ичиндеги өлкөлөр электрондук соодада аларды колдоно билүүсү учур талабы. Өз кезегинде электрондук сооданы арттыруу албетте, ЕАЭБде, анын ичинде Кыргызстанда экспорттук мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин Бажы кодексине үчүнчү өлкөлөр менен электрондук сооданы жөнгө салуучу өзгөртүүлөр 2027-жылдын башында күчүнө кирет.
ЕАЭБ алкагында дагы бир кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин экинчи мамлекеттин биржаларындагы соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, эми бул макулдашууга ылайык, кыргыз брокерлери жана дилерлери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биржаларындагы соодага катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Брокерлер жана дилерлердин лицензиясы эми ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгында таанылат. Мисалы, кыргыз брокерлери Казакстанга барып биржаларда соода кылуу үчүн биздин лицензия менен иштей берет. Буга чейин биржага катышууну каалаган брокерлер ошол өлкөнүн талаптарына ылайык, кайрадан лиценциясын тастыкташы керек болчу. Эми өз өлкөсүнүн лицензиясы менен ЕАЭБ ичинде биржада соода кылуу кыйла жеңилдетилди”, - деди Султан Ахматов.
Белгилей кетсек, брокерлерге жана дилерлерге биржа соодасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү инвестициялык активдүүлүктү да жогорулатат жана биримдиктин ичинде заманбап жана натыйжалуу жалпы каржы мейкиндигин түзүүгө дагы салым кошот.
Ошондой эле Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө берилген квота 15 миңден 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү.

Султан Ахматов белгилегендей, Кыргызстан электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү кошумча 10 миң транспорт каражатын бажы алымын төлөбөстөн алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Тиешелүү чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.
"Кошумча квота 17-августтан тартып күчүнө кирет. Квотанын көбөйүшү экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын импорттоону кеңейтүүгө, ички рыноктун керектөөсүн камсыздоого жана электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошол эле маалда электромобилдер жашыл экономикага өтүү багытындагы иштерди улантууга өбөлгө түзмөкчү", — дейт экономика жана коммерция министринин орун басары.
Уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты арттырууга улай эле маданий-гуманитардык багыттардагы маселелерди да кароого маани берилип келери белгилүү. Бул ирет Академиялык наамдарды өз ара таануу жөнүндө келишимге жетишилди. Бул документ Евразия экономикалык биримдигинин илимий-технологиялык мейкиндигин өнүктүрүүгө карай дагы бир практикалык кадам болуп калат. Анткени илимий кызматташтыкты, академиялык мобилдүүлүктү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону өнүктүрбөстөн туруп, интеграцияны тереңдетүү мүмкүн эмес.
Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулунун пикиринде, мындан ары академиялык наамдарды таануу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин илим-билим жаатында алектенген адистеринин мобилдүүлүгү артып, илимий жаатта ишин улантууга жол ачылып отурат.

“Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Мисалы, эми биздин өлкөнүн профессору же доценти Россияга барып билим берүүдө кошумча лицензия албайт. Биздин мамлекетте ал профессор деп таанылса, Россия, Казакстанга, же уюмга мүчө башка мамлекеттерде ошондой эле илимий даражасы тааныла берет”, — деп белгиледи Элимбек Каныбек уулу.
ЕАЭБ алкагында уюмга мүчө мамлекеттер кайсы гана тармак болбосун учур талабына жараша алакаларды жеңилдете турган, процесстерди жөнөкөйлөткөн жана ички рыноктун суроо-талабын канааттандырган чечимдерди кабыл алуу менен өз кызматташтыгын бекемдеп келүүдө. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Кабар" агенттигине билдиргендей, ЕАЭБ абройлуу уюмга айлануу менен мүчө мамлекеттердин ортосунда тең укукту камсыздап, өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда алакаларды дагы да арттырууда.

“Уюмдагы мамлекеттер тең ата болуп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди ортого салып, талкуулап чечип жатканы абдан жакшы көрүнүш. ЕАЭБдеги мамлекеттер бири-бирине колдоо көрсөтүшү соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтөт. Кыргызстан уюмдун алкагында бир катар демилгелерди, сунуштарды ортого салуу менен соодадан баштап билим берүү тармагына чейин кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошо алганын айта кетүү керек”, - деди экономист.