Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Эртең, 11-февралдан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында товарларды ташууда милдеттүү түрдө навигациялык пломбаларды колдонуу киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине жана ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу макулдашуусу боюнча киргизилүүдө.
Эми навигациялык пломбалар этап-этабы менен колдонулат.
Биринчи этапта аларды пайдалануу төмөнкү товарларды унаа жана темир жол аркылуу ташууда милдеттүү болот:
- алкоголдук продукция;
- тамеки жана тамеки буюмдары;
- ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө атайын экономикалык чаралар колдонулган товарлар.
Кыргызстандын аймагында навигациялык пломбалар төмөнкүдөй тартипте орнотулат:
- автомобилдик ташууларда — Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында (Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чоң-Капка, Каркыра);
- темир жол аркылуу ташууларда — Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант жана Токмок станцияларында вагондорду жүктөө учурунда.
Навигациялык пломбалар качан алып салынат?
- автомобилдик ташууларда — товарды алуучунун аймагында;
- темир жол аркылуу ташууда — көрсөтүлгөн станцияларда вагондорду түшүрүүдө.
Ташуучулар, жөнөтүүчүлөр же экспедиторлор пломба орнотулуучу жерге келерден кеминде 6 саат мурда Салык кызматына төмөнкү электрондук почта аркылуу керектүү маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү: plomba.eaes@salyk.kg.
Навигациялык пломбага жүктөлүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеси, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын Салык кызматы жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби Салык кызматынын sti.gov.kg расмий сайтындагы “Билимдер базасы”, “ЕАЭБдин алкагындагы навигациялык пломбалар” бөлүмдөрүндө жайгаштырылган.
Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары берилген маалыматтардын тактыгына жана алардын иш жүзүндө ташылып жаткан товарларга дал келүүсү үчүн жоопкерчилик тартышат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы жана тарифтер тууралуу суроолор боюнча улуттук оператор — “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна анын gti.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Башка суроолор боюнча 116 номери же 0312 62-21-07 телефону аркылуу Салык кызматынын колл-борборуна кайрылса болот.