ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар импорттоочулар үчүн жаңы талаптар киргизилди

Экономика Загрузка... 19 Февраль 2025 15:57
3-6.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы  тобокелдик критерийлерине туура келген, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоочулар үчүн жаңы талаптар киргизилгенин маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, мындай субъекттер товарларды импорттоонун алдында салык органынын атайын депозиттик эсебине акча каражаттарын салышы керек. Которуунун суммасы импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркынын 20%ынан кем болбошу керек.

Эгерде салык төлөөчү товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келсе жана "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максатында" деген белгиси бар салыктык каттоосу жөнүндө маалымкат алса, салык органы тобокелдиктин даражасын баалайт.

Тобокелдик критерийлери – бул тобокелдиктин деңгээлин аныктаган белгилер. Аларга биринчи жолу маалымкат алуу, мурда берилген маалымкатты жокко чыгаруу, салыктык каттоону же компаниянын уюштуруучусун өзгөртүү критерийлери кирет.

Салык төлөөчүнү тобокелдик тобуна киргизүү жөнүндө чечимди маалыматтык системада маалымкатты тариздеген Салык кызматынын кызматкери кабыл алат.

Салык төлөөчүлөр товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын төгүүнүн жана кайтаруунун тартиби менен Салык кызматынын расмий сайтындагы "Билим базасы" бөлүмүнөн тааныша алышат.

Бул талап ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо КНСти төлөөгө болгон көзөмөлдү күчөтүү үчүн киргизилген. Ал иштебеген же жоюлган алуучулардын дарегине товарларды жалган алып келүүнү жокко чыгарууга, көмүскө экономиканы кыскартууга, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө, ошондой эле тобокелдик критерийлерине туура келген субъекттер тарабынан кепилденген салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылууга багытталган.

Мындан сырткары, бул аракеттер жалган адамдарга, жалган алуучуларга жана жөнөтүүчүлөргө, ошондой эле банкрот болгон жана жоюлган компанияларга документтерди тариздөөнү жокко чыгарат.

Бул талаптар тобокелдик критерийлерине туура келбеген ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө тиешелүү эмес