Дзюдочу Дастанбек Нурманбетов эл аралык турнирде коло медаль утту

Спорт Загрузка... 12 Февраль 2026 16:35
633203456_921470523559499_8196798593558229373_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Дастанбек Нурманбетов Open Masters Games-2026 дүйнөлүк оюндарында 30 жаштан жогоркулар арасында коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүүдө.

Алгачкы айлампада Иорданиянын өкүлүн жеңген Нурманбетов кийинки айлампада Өзбекстандын спортчулусуна утулуп калды. Үчүнчү айлампада казакстандык атаандашын жеңип, жыйынтыгында коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-февралга чейин уланат.