Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Мамлекеттик колдоонун алкагында министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына фермерлерге жана ишкерлерге өндүрүш жана маркетинг жагынан көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди. Феруланы өстүрүүнү каалагандар үчүн “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 6% жылдык үстөгү менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришкендей, фермерлер үчүн агротехникалык окутуулар уюштурулуп, 2024-жылга карата өлкөнүн 12 айылында 107 чарба ферула өстүрүү менен алектенүүдө. Министрлик асылдуулугу төмөн жайыттарды ферула эгүүгө пайдаланууну сунуштайт жана тиешелүү иштер үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга кайрылууга чакырат.
Феруланы өстүрүү – экономикалык жана экологиялык мааниси жогору болгон багыт болуп, Кыргыз Республикасынын агрардык саясатынын келечектүү тармагы катары каралууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өз кезегинде Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууну улантып, жергиликтүү бийлик органдары, бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор менен биргеликте иш алып барууда.
Эске салсак, феруланы коргоо жана өнөр жай негизинде өстүрүүнү өнүктүрүү максатында, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 537-т токтому менен 2024–2028-жылдарга карата Ферула өстүрүү программасы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
Программага ылайык, 2028-жылга чейин ферула эгилген аянттарды асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин пайдалануу аркылуу 11,6 миң гектарга жеткирип, жыл сайын 1392 тонна сырье жыйноо пландалууда.