Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Дыйкан-фермерлер агротехнологияларды колдонуп, продукцияларды сапаттуу, талапка ылайык өстүрүш керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында 2025-жылдагы жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маселе каралып жатканда билдирди.
“Биз Кытайга 50 миң тонна алча жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Анан биз 1 унаа алчаны жөнөттүк. Ал чек арадан өтө албай туруп калды. Буга алча чымынынын чыгып калганы себеп болду. Көрсө ошол алча берген бак өз убагында дарыланган эмес. Ошондуктан агротехнологияларды колдонуп, продукцияларды сапаттуу, талапка ылайык өстүрүш керек. Жакшынакай таңгактап бериши кажет. Биз бардык шарттарды түзүп, сатып ала турган кардарларды таап берип жатабыз”, - деди ал.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев республика боюнча дыйкан-фермерлерди окутуу иштери жүрүп жатканын айтты.
“Быйыл мына 3 айда эле 702 дыйкан-фермерди окуттук. Бул бир гана Жалал-Абад, Баткен облусунда. Эми Чүй, Нарын, Талас облустарында да ушундай окутуулар уюштурулат. Телеграм канал аркылуу кеп-кеңештерди алгандар көбөйдү. Бул биздин ишибиздин 5-багыты, мында окутуп-үйрөтүү, тажрыйба алмашуу камтылган”, - деп кошумчалады Төрөбаев.