Дубайда жасалма интеллект ресторандын башкы ашпозчусу болду

Дүйнө Загрузка... 27 Ноябрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-11-27 at 08.15.15.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Дубайдагы Woohoo ресторанында эми тамакты жасалма интеллект - “Ашпозчу Айман” даярдайт. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка караганда, ЖИ ашпозчу миңдеген рецепттер жана даам айкалыштары камтылган чоң маалыматтардын негизинде окутулган. Футуристтик концепциядагы ресторан быйыл сентябрда ачылып, “гастрономиянын келечеги” катары сунушталууда.

Ресторандын ээси Ахмет Ойтун Чакыр чыгармалык кризис учурунда ChatGPT`ден жаңы тамак ойлоп табууну суранган. Нейротармак ага татымал кошулган козу этинин рецептин сунуштаган. Даярдалган тамак өзгөчө жактырылып, дароо менюга киргизилген.

“Ашпозчу Айман” - БАЭдеги Vivid Studios компаниясы иштеп чыккан Umai моделине негизделген санарип аватар. Ал көз айнек таккан орто жаштагы эркек кишинин футуристтик образында түзүлгөн. Жасалма интеллект ашкананы толук көзөмөлдөп, рецепттер жана ингредиенттер боюнча чоң маалыматтарды колдонуп, жаңы даамдарды жаратат.