Бишкек, 19.08.26 /Кабар/. Акыркы он жылда олуттуу жылыштар болгонуна карабастан, дүйнөдөгү көптөгөн медициналык мекемелер дагы деле таза суу, санитария жана гигиена боюнча негизги шарттар менен толук камсыздалган эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен БУУнун Балдар фонду биргелешип даярдаган докладда айтылат.
Докладга ылайык, 2025-жылы дүйнөдөгү медициналык мекемелердин 85 пайызы негизги суу менен камсыздоо кызматтарына, 72 пайызы гигиеналык шарттарга, ал эми 71 пайызы медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу системасына ээ болгон.
Бирок санитария жана имараттарды тазалоо жаатындагы абал кыйла начар. Медициналык мекемелердин 40 пайызы гана санитария боюнча негизги талаптарга жооп берген. Ал эми 59 пайызы талаптагыдай тазалоо жана дезинфекциялоо талаптарын аткарган.
ДССУнун эксперттери мындай кемчиликтер бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратып, инфекциялардын жайылуу жана антибиотиктерге туруктуулуктун күчөшү тобокелдигин арттырарын эскертишет.
Санитардык жайлардын жеткиликтүүлүгү да өзгөчө көйгөй жаратууда. Медициналык мекемелердин көпчүлүгүндө даараткана болгону менен, алардын жарымына жакыны гана аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө бөлмөлөр менен жабдылган. Ошондой эле алардын баары эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү эмес же аялдардын этек кир учурундагы гигиенасын сактоого шарт түзбөйт.
Имараттарды санитардык жактан иштетүү жаатында да олуттуу көйгөйлөр бар. Докладга ылайык, болжол менен 1,5 миллиард адам тазалоонун зарыл протоколдору же атайын даярдыктан өткөн кызматкерлери жок медициналык мекемелердин кызматынан пайдаланат. Өнүкпөгөн өлкөлөрдө саламаттык сактоо мекемелеринин болгону 24 пайызы гана тазалоо боюнча негизги талаптарга жооп берет.
Докладдын авторлору белгилегендей, 2015-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта, өзгөчө гигиена жаатында, олуттуу жылыштар болду. Ошого карабастан, дүйнөдөгү медициналык мекемелердин 10 пайызы дагы деле суу же негизги санитардык кызматтар менен камсыздалган эмес.
ДССУ жана ЮНИСЕФ өкмөттөрдү медициналык мекемелердеги санитардык шарттардын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө чакырат. Ошондой эле инфраструктуранын бар экенине гана эмес, анын коопсуздугуна, жеткиликтүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө да көңүл буруу зарылдыгын белгилешет.
2026-жылдын май айында БУУнун Башкы Ассамблеясы саламаттык сактоо мекемелеринде суу менен камсыздоо, санитария жана гигиенанын туруктуу системаларын каржылоону жана улуттук стандарттарды күчөтүүнү караган атайын резолюция кабыл алган.