ДССУ дүйнө жүзүнө зыяндуу продукцияларга салыктарды көтөрүүнү сунуштады

Дүйнө Загрузка... 03 Июль 2025 15:20
WhatsApp Image 2025-07-03 at 12.27.52.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 03.07.25 /Кабар/. Күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жаңы демилгесин жарыялап жатып, өлкөлөрдү тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктарга болгон салыктарды кеминде 50%га чейин жогорулатууга чакырды. Бул маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Анда жогоруда аталган чаралар аркылуу дүйнө жүзү боюнча 50 миллионго чейин адамдын өмүрүн сактап калууга жана саламаттык сактоо тармагына кошумча каржы тартууга болору белгиленди.

Ошондой эле ДССУнун бул «35ке 3» демилгеси - саламаттык сактоо системаларында ресурстардын жетишсиздигине жооп катары сунушталган чара болуп саналат. Мындай тартыштык жугуштуу эмес оорулардын көбөйүшү, тышкы жардамдын кыскарышы жана өлкөлөрдүн мамлекеттик карызынын өсүшү менен байланыштуу.

ДССУнун маалыматына ылайык, мындай продукциялар жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, диабет сыяктуу өнөкөт оорулардын негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Бул оорулар дүйнө жүзүндөгү өлүмдүн 75%ын түзөт.

Демилгенин алкагында он жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча 1 трлн долларга чейин салык чогултуу максаты коюлган.

ДССУ өлкөлөрдү, жарандык коомду жана өнөктөш уюмдарды бул аракетке кошулууга чакырып, зыянын тийгизген өндүрүштөргө берилген жеңилдиктерди алып салууну сунуштады.