Дрезденде Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба зыянсыздандырылды

Дүйнө Загрузка... 07 Август 2025 09:10
1652aa83-75b1-49d8-aef8-b49882797654.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Германиянын Дрезден шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда катылган 250 килограммдык британиялык бомба табылды. Бул тууралуу Sächsische Zeitung басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Каролабрюке көпүрөсүнүн жанынан табылган бомбага байланыштуу 17 миңге жакын адам үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө мажбур болду. Муну Дрезден тарыхындагы эң чоң эвакуация деп аташууда.

Шаардык администрация, полиция бөлүмү, бала бакчалар, карылар үйү жана музейлер жайгашкан аймактар да эвакуацияланды. Бомба Цайтхан шаарына жеткирилип, ошол жерде жок кылынары айтылат.