Дон "Дракон" Уилсон кыргыз жаштарына ийгиликтин негизги сырын айтты

Коом 8 сентябрь 2026 14:45
Дон "Дракон" Уилсон кыргыз жаштарына ийгиликтин негизги сырын айтты
copyright icon Кабар

Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Америкалык актер, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзүнүн жашоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаштарына кайрылды.

Актер балдарга мотивациялык баяндамаларды жасап, семинарларды өткөрүп турарын белгиледи. Анын айтымында, максатка жетүүнүн негизги шарты — өз күчүнө ишенүү.

"Мен балдарга мотивациялык баяндамаларды жасап, семинарларды өткөрөм. Адамдарга кандайдыр бир ийгиликке жетүүдөн мурда, аны жасай аларына ишенүү керектигин түшүндүрөм. Негизги сыр ушунда. Көпчүлүк адамдар өзүнө ишенишпейт", — деди Дон Уилсон.

Ал кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону боло аларына атүгүл достору да ишенбегенин айтып берди.

"Мен кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болом деп айтканда, атүгүл досторум дагы "сен буга эч качан жетише албайсың", — дешкен. Бирок мен колуман келерине ишенгем. Мен ошол кездеги чемпионду карап, анын менден алда канча мыкты экенин ойлочумун. Бирок талыкпай эмгектенсем, ошондой деңгээлге жете алам деп эсептегем", — деп айтып берди актер.

Дон Уилсон жыйынтыгында дүйнөнүн 11 жолку чемпиону болгонун кошумчалады.

"Ооба, мен Гиннестин рекорддор китебине кирдим. Менден мурда эч ким мындай жыйынтыкка — дүйнөнүн 11 жолку чемпиону болууга — жетишкен эмес", — деп баса белгиледи ал.