Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Кариб деңизиндеги 11 миллионго жакын калкы бар арал мамлекет — Доминикан Республикасында 11-ноябрда, шейшемби күнү, электр энергиясынын ири өчүрүлүшү (блэкаут) катталды.
Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, өлкө бийлиги бул кырдаалга электр энергиясын берүү системасындагы авария себеп болгонун билдирген. Биринчи болуп Сан-Педро-де-Макорис шаарындагы электростанция иштен чыгып, натыйжада өлкө боюнча башка станциялар менен подстанциялар чынжыр реакциясы түрүндө өчүп калган. Алгачкы авариянын так себеби азырынча белгисиз.
Бул өчүрүү өлкөнүн борбору Санто-Доминго жана белгилүү деңиз курорту — Пунта-Канага өзгөчө таасир эткен. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары өлкөнүн башка аймактарында да жарык өчкөнүн билдиришкенин Reuters жазат. Блэкаут коомдук транспорттун, анын ичинде метронун жана аркан жолдордун ишин бузган. Ооруканалар, банктар жана ири мекемелер генераторлор аркылуу электр алган, ал эми көпчүлүк турак үйлөр менен чакан бизнес жарыксыз калган.
Кечке жуук Доминикан Республикасында электр камсыздоосу кайрадан калыбына келе баштаган.
«Азыр биз 527 мегаваттан ашык электр энергиясын өндүрүп жатабыз, бул улуттук керектөөнүн 15%тен көбүн түзөт. Системаны турукташтырган сайын бул көрсөткүч өсөт», — деди өлкөнүн энергетика министри Хоэль Сантос Эчаваррия.
2025-жылдагы Доминикан Республикасындагы кайгылуу окуялар
Октябрдын аягында Доминикан Республикасы Кариб деңизиндеги башка өлкөлөр — Куба, Ямайка, Гаити жана Багам аралдары менен бирге кыйратуучу «Мелисса» ураганынан жабыркаган. USA Today билдиргендей, Доминикан Республикасында кеминде эки адам каза болгон. Жалпысынан бороон аймак боюнча 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган, ири селдер менен жер көчкү кырсыктарына алып келген.
Мындан тышкары, 8-апрелге караган түнү Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубунда концерт маалында чатыр урап түшүп, 222 адамдын өмүрүн алган. Өлкө президенти Луис Абинадер үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялап, окуянын себептерин иликтөөгө убада берген.