Документтен визaга чейин: Чет элдик студенттерди кабыл алуу эми EDUGATE аркылуу жүргүзүлөт

Билим Загрузка... 10 Июль 2026 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Чет элдик студенттерди кабыл алуу процессин жеңилдетүү жана ачык-айкын кылуу максатында EDUGATE аттуу бирдиктүү санарип платформа иш алып барууда. Бул тууралуу Чет элдик студенттерди кабыл алуу борборунун директорунун орун басары Айзада Урумова брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир жогорку окуу жай чет өлкөлүк жарандарды өз алдынча кабыл алып келген. Ар кандай документ формалары жана байланыш жолдору колдонулуп, абитуриенттер өз арызынын абалын көзөмөлдөөдө кыйынчылыктарга туш болушкан.

“Ошондуктан чет элдик жарандарды кабыл алуу үчүн EDUGATE платформасы иштешип чыкты. Ал абитуриентти кабыл алуунун бардык баскычтарынан өткөрүп, процессти бир жерден башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Ал аркылуу чет өлкөлүк абитуриент катталып, документтерин жүктөп, окуу жайын тандап, кабыл алуу жана виза алуу процесстерин онлайн көзөмөлдөй алат. Жалпы кабыл алуу процесси 18 кадамдан турат",-деди ал.

Алардын арасында төмөндөгүлөр:

  • каттоо;
  • документтерди жүктөө;
  • университет жана адистик тандоо;
  • документтерди текшерүү;
  • маектешүү;
  • чакыруу алуу;
  • виза маселелерин чечүү;
  • Кыргызстанга келгенден кийин катталуу жана камсыздандыруу алуу бар.

Платформа абитуриент, университет, Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору жана мамлекеттик органдар үчүн өзүнчө кабинеттерди камтыйт.

“Абитуриент жеке кабинетинен документтерин, кайсы этаптан өткөнүн жана кийинки кадамдарын көрө алат. Ал эми университеттер талапкерлерди тандоо, чакыруу даярдоо жана кабыл алуу иштерин системанын жардамы менен жүргүзөт. Жаңы система документтерди текшерүүнү автоматташтырып, мамлекеттик органдарга чет элдик студенттер боюнча так маалыматтарды жана статистиканы алууга шарт түзөт”,-деди ал.

Айзада Урумова ошондой эле, акыркы беш жылда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга чет өлкөлүк жарандардан 30 миңден ашык арыз түшкөнүн, 29 миңден ашуун студент кабыл алынганын маалымдады. Учурда чет элдик студенттер 60тан ашык жогорку окуу жайда билим алып, алардын саны 50–60ка жакын өлкөнүн жарандары менен толукталууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө брифинг өттү.