Дохада кыргыз-катар парламенттер аралык кызматташтыгынын абалы талкууланды

Саясат Загрузка... 30 Апрель 2025 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек 30.04.25. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты.

Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин жана достук топторунун ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларын уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле аталган жолугушууга Катар Мажлис Аш-Шурасынын мүчөсү, Азия өлкөлөрү боюнча Парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Ахмад бин Хатми Аль-Хатмий катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелерди ишке ашыруу максатында тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.