Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Май 2025 16:55
2488037.3cdb32d0a92bc8b9614adbf1b8129937.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.